БүТө
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир нерсенин ачык жерин бекитүү, тешиктерин тосуу, толтуруу, туюктоо. Суук кирбесин деп, терезенин жылчыктарын бүтөдүм. 2. үстү-башын жаңыртуу, кем-карчтарын толуктоо. Кийим-кечегин бүтөп алуу. // Ийгиликти иреттеп Бүтөгүлө колхозду (Барпы). Жумуш күчөп, жыл артынан жыл кууп, Оңдоп бүтөп, улам бийик кең куруп (Осмонов). 3. диал. Бүтүрүү, аягына чыга иштөө бүткөрүү. Палан кезде паландай иш бүтөп берген элем деп айтышка акыбыз жок (Касымбеков).